Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Владимир Путин менен жолугушканда Кыргызстанга гуманитардык жардам түрүндө 500 миң доза «Спутник V» дарысын берүү макулдашылган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 18-мартта билдирди.
Анын айтымында, учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат жана жакынкы арада коронавируска каршы «Спутник V» дарысы өлкөгө этап менен келип баштайт.
«Эртең, 19-мартта Кытайдан жөнөтүлгөн 150 миң доза «Синофарм» дарысын тосуп алабыз. Бул 75 миң адамга жетет. Өлкөгө «Спутник V» жана «Синофарм» дарылары келип баштагандан кийин калкты эмдеп баштайбыз. Ошондой эле «Ковакс» программасы боюнча дагы коронавируска каршы дарыларды күтүп жатабыз. Калкты эмдөө боюнча улуттук программаны иштеп чыктык»,- деди ал. Министрдин сөзүнө таянсак, Кыргызстанда коронавируска каршы бир нече дары пайдаланылат. Ал марттын аягында же апрелдин башында эмдөө иштери башталарын кошумчалады.










