Эртең өлкө боюнча 1 саатка чейин электр энергиясын берүү чектелет

10-11-ноябрда эртең менен жана кечинде электр энергиясын керектөөгө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Айбек Айдаралиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Мындай чара Токтогул ГЭСинде оңдолгон 2-агрегат ишке киргизилип жаткандыктан улам болот. Буга чейин анын айтымында, агрегатты 15-ноябрда ишке берүү пландалып жаткан.