Эртең, 4-июлда түнкүсүн Нарын облусунун айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз+33…+38;
Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24 градус, күндүз +37…+39 градус болот.