Эртеңкиге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 4-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгалак. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.