Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Эсептөө палатасы “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн ишинде финансылык тартип бузууларын аныктады

17:18 03.06.2025
0
Эсептөө палатасы “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн ишинде финансылык тартип бузууларын аныктады

Эсептөө палатасы тарабынан “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) башкы дирекциясынын 2023-2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар мыйзам бузуулар жана башкаруудагы кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Аудит өкмөттүн 2014-жылдагы №431 токтому менен бекитилген “Бишкек” ЭЭЧ жөнүндө жобонун алкагында дирекциянын негизги максаттары – инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, өндүрүш жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү багытында иш-чаралар жетишсиз аткарылып жатканын көрсөттү. Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик төлөмдөр боюнча да тартип бузуулар аныкталды. 2023-жылы “Бишкек” ЭЭЧнын башкы дирекциясы кирешеден жергиликтүү бюджетке 55,1 миң сом, республикалык бюджетке 110,2 миң сом чегерип төлөгөн. Бирок 2024-жыл үчүн тиешелүү 50,0 миң сом жана 100,0 миң сом чегерилгени менен, бүгүнкү күнгө чейин төлөнгөн эмес.

Ижара келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жетишсиз деңгээлде экени белгилүү болду. 2024-жылдын аягына карата 232 субъект менен имарат жана жер ижарасы боюнча келишимдер түзүлгөнү менен, ижара акысынын убагында төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында дебитордук карыздардын жалпы суммасы 119,8 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен 27,9 миллион сом – мөөнөтү өтүп кеткен карыздар. Айып санкциялар жана туумдар өз учурунда эсептелген эмес – 2024-жылы болгону эки субъектке карата 230,4 миң сом суммасында туум колдонулган. Мындан тышкары, 2024-жылдын 31-декабрына карата Башкы дирекциянын балансында 63 бирдик транспорт каражаттары бар экени аныкталып, алардын бир бөлүгү (тракторлор, самосвалдар, автокрандар ж.б.) бузулган же колдонууга жараксыз абалда экени белгиленди. Ошондой эле 13,9 миллион сомдук эскирген жана керексиз негизги каражаттар боюнча инвентаризациянын негизинде чаралар көрүлбөй калган.

Аудит учурунда дебитордук карыздардын бир бөлүгү гана – 146,9 миң сом (анын ичинен күйүүчү май жана жарнамалык кызматтар үчүн) калыбына келтирилген. Ал эми сот чечимдери менен өндүрүлө элек карыздардын жалпы суммасы 69,6 миллион сомду түзүп, дагы 1,5 миллион сомдук материалдар сотто кароодо турат. Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы “Бишкек” ЭЭЧнын башкы дирекциясында эсепке алуу системасын автоматташтыруу, ижара келишимдерин башкаруу, каржылык көзөмөлдү күчөтүү, мыйзам бузгандарга карата туум жана айып санкцияларды өз убагында колдонуу боюнча бир катар сунуштарды берди. Аталган сунуштар дирекциянын ишинин ачыктыгын камсыздап, каржылык тартипти жакшыртуу жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.

 

1 / 2
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман...

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:42 03.03.2026
0

Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 02.03.2026
1

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...

Дубайдагы башкы консулдук жарылуу үндөрү боюнча: «Ракеталар Израилге багытталган. БАЭ бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт»

Дубайдагы башкы консулдук жарылуу үндөрү боюнча: «Ракеталар Израилге багытталган. БАЭ бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:40 02.03.2026
0

Бириккен Араб Эмираттарынын расмий бийлигинин маалыматына ылайык, мезгил-мезгили менен угулуп жаткан жарылуу үндөрү абадан коргонуу системаларынын (ПВО) ишине байланыштуу. Бул...

Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:32 02.03.2026
0

"Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдайм". Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы атайын жана ыйгарым...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

16:39 02.03.2026
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

1
Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

14:51 03.03.2026
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

11:17 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү