Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 21-июлдан 22-июлга чейинки туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.