Эртең, 27-майда күндүз жана 28-29-майында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Жер-жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жайгашкан райондордо кар жаап, 28-майда кээ бир райондордо, 29-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындан сырткары тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.