Кечээ, 12-июлда Европарламенттин депутаттары Кыргызстанда маалымат каражаттарына каршы кысым жана сөз эркиндигин чектөө маселесин көтөрүштү. Маселени бир нече депутаттар күн тартибине киргизишти.
Сессиянын жүрүшүндө бир нече иштер айтылды. Анын ичинде блогер Айжан Мырсан президентти сындаганы үчүн кылмыш ишинде айыпталуучу болуп калган учур бар. Ошондой эле борбор калаанын мэриясынын жетекчилигинин аракеттеринен улам Бишкек шаардык кеңештин депутаты Кадыр Атамбаевдин соттук териштирүүсү, Кой-Таш окуясы боюнча соттун (экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча) 4 жылга созулушу, КСДПнын жабылышы, ЖМКлар боюнча мыйзам сөз болду.
Европарламенттин депутаттары буга чейин жарандыктан ажыратылган журналист Болот Темировдун депортацияланышы жана адам укуктарынын абалы начарлап баратканын айтышты. Өзгөчө көңүл “Азаттыкка” бөгөт коюуга бурулду. Мындан тышкары укук коргоочу Камил Рузиевдин иши да айтылды. Талкуунун демилгечилери резолюция кабыл алууну сунушташты. Резолюция боюнча добуш берүү бүгүн, 13-июлда болот.