Франциядагы протесттер: 24 мектеп өрттөлүп, 500дөй мектеп иштебей жатат
Францияда уланып жаткан нааразылык акцияларынан улам 400дөн 500гө чейин мектеп толугу менен же жарым-жартылай иштебей жатат. 24 мектеп өрттөлгөн же талкаланган. Өлкөнүн билим берүү министри Эдуар Жеффре окуу жайлардын жабылышын коопсуздукка байланыштуу коркунучтар менен түшүндүрдү. Бул тууралуу AFP агенттиги билдирди.
Анын айтымында, нааразылык акциялары башталгандан бери билим берүү тармагында иштеген 78 кызматкер жабыркаган. Министрдин билдирүүсүндө, ультрасолчул провокаторлор нааразылык кыймылын «басып алып», «ашкере зомбулукка барышкан».
Нааразылык акциялары 21-сентябрда Париждин четиндеги лицейлердин биринде башталып, кийин жалпы улуттук масштабдагы акцияларга айланган. Жогорку класстын окуучулары класстардын толуп кеткенине, мугалимдердин жетишсиздигине, мектептердин начар абалына жана алардын пикиринде, өтө эле жүктөмдүү болгон сабактардын жадыбалына нааразы болушууда.
Бир катар шаарларда өспүрүмдөр укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышкан. Полиция окуучуларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана таяктарды колдонгон. 5 миңден ашуун адам кармалган, алардын 85 пайызы жашы жете электер.
Нааразылык кыймылынын лидерлери өкмөт тарабынан «конкреттүү чаралар» көрүлбөгөнүнө байланыштуу акцияларды 6-октябрдан, шейшемби күндөн тартып күчөтүүгө чакырышты.