Бүгүн, 5-сентябрда футбол боюнча Кыргыз курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын баштайт.
Ак шумкарлар Ирандын курамасы менен кез келет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Ал эми кураманы колдогон күйөрмандар оюнду көрүү үчүн “Ала-Тоо” аянтына чогулушту.