Министр: «Түнкү саат үчтө эмнеге кезекке турушат болду экен деп Жалдагы ооруканага бардым»

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова дагы буга чейинки министр Алымкадыр Бейшеналиевдей болуп дем алыш күндөрү ооруканаларды катардагы жаран катары кыдырып жүргөнүн айтты. Бул тууралуу ал комитет жыйынында айтты.

«Мен айтпай туруп 22 ооруканага барып, абалды өз көзүм менен көрдүм. Түнкү саат 3:00дө эмнеге кезекке турушат болду экен деп Жалдагы балдар ооруканасына бардым. Азыр өзүмө жыйынтык чыгарып жатам», — деди министр.

Буга чейин СуперТВ телеканалы дал ушул маселени көтөрүп, өлкө боюнча 2 эле аллерголог дарыгер бар экенин, аларга өлкө боюнча келгендер түнкү саат 12ден баштап кезекке турушарын айтып, видеоматериал даярдаган.