Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбикке орусча төккөн акындар (видео)

Төкмө акын Баян Акматов социалдык тармактагы баракчасында мушкер Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбикке орус тилинде ырдап жаткан видеосу менен бөлүштү.

”Орусча кошпосок укпайт эле. Эмкисин англисче”,-деген жазуу калтырган.

Эске салсак, алар Eagle FC 49 аралаш мушташ боюнча турнирдин коноктору. Турнир 10-августта «Бишкек Аренада» (шаардык муз аянтчасында) өтөт.