Ички иштер министри Баткенге барбай жатканынын себебин түшүндүрдү

Баткен облусунда абал туруктуу. Бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Анын айтымында, ал Баткенге барууга даяр, бирок абалды Бишкектен көзөмөлдөп жатат.

«Ал жакта (ред. Баткен облусунда) УКМКнын төрагасы башында турган мамлекеттик комиссия бар, атайын бөлүмдөр, менин орун басарларым жана төрт облустун Ички иштер башкармалыгынын башчылары бар. Кечээ жарым жолдон кайтып келдим. Шаардын учурдагы абалын көрүп жатасыңар. Жоопкерчиликтен эч ким качпайт. Азыр менин орун басарларым ошол жерде. Мен өзүм Арка айылында иштедим. Биз баарыбыз патриотпуз. Мен ал жакка ушул мүнөттө барууга даярмын, бирок ал жакта абал туруктуу. Эки тараптуу комиссия иштеп жатат», — деди Улан Ниязбеков.