ИИМ: «Акыркы коңгуроо өлкө аймагында тынч өттү»

Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасы республика аймагында эч кандай өзгөчө кырдаалсыз, тынч өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кечээ, 25-майда республикада Акыркы коңгуроого арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

«Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызматын улантууда. Билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо максатында республиканын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн режимине өткөрүлгөн. Борбор калаадагы бардык мектептерде балдар иштери боюнча инспекторлор, милициянын участкалык инспекторлору жана ЖКККББнын кызматкерлери кызмат өтөштү. Майрамдык иш-чараларга 2366 билим берүү уюмдарынан 200 миңге жакын бүтүрүүчүлөр катышты. “Акыркы коңгуроо” учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкерлери жана 52 милициянын көчмө кабылдамасы жооптуу болду»,- дешти.