Кээ бир адамдар арыз жазбайт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлда маалымат жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларына комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, окуя тууралуу айтуудан баш тарткандар бар.
Ниязбеков бардыгы укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин жана кылмыштуулук күн сайын талданып жатканын ишендирди.