Бүгүн, 2-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздук абалы толугу менен көзөмөлдө. Түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан блок посттор коюлуп, чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Куралдуу кагылышууну башынан өткөргөн Баткен облусунун чек арага чектешкен бардык айылдары толугу менен кайтарууга алынып, блок посттор коюлуп, милициянын кайгуул топтору коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Баткен облусундагы Баткен району боюнча Аксай, Көк-Таш, Самаркандек, Орто-Боз айылдарында, Сүлүктү шаары боюнча Кызыл-Бел участкасында коюлган блок посттордо милициянын кайгуул топтору, Кызыл-Кыя шаары боюнча коюлган блок посттордо милициянын беш кайгуул тобу, Кош-Булак участкасында, Сүлүктү шаарында милициянын эки кайгуул тобу, Кадамжай районунун Бүргөндү, Кадамжай айылдарында коюлган эки блок постто жана Үч-Коргон, Айдаркен, Бүргөндү айылдарында милициянын үч кайгуул тобу, Лейлек району боюнча Исфана шаарында коюлган блок постто, Кулуңду, Интернационал, Арка-1, Арка -2, Достук , Жаштык, Ак-Арык, Исхак Разаков айылдарында милициянын кайгуул топтору, Баткен шаары боюнча Кызыл-Жол айылында коюлган блок постто, Баткен шаарынын аймагында төрт милициянын кайгуул тобу коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында түнкү жана күндүзгү күзөттө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Ошондой эле Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу толугу менен кыргыз милициясы тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте коопсуздукту сакташып, ар кандай тартип бузууларга жол беришкен жок.