Соцтармакта жарандык активисттер ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Ички иштер министринин отставкасын талап кылып чыгышты. Алар эртең, 8-апрелде саат 12:00дө ИИМдин имаратынын алдына тынчтык митингине чыгууну пландап жатышат. Жарандар милиция кызматын кайдыгерликке жана шалаакылыкка айыптоодо.
«Камерага түшүп калган автоунааны жана адамдарды 2 күн бою таба албаса, анда «Коопсуз шаар» эмне иш кылат? Айдоочулардан айып пул чогултуш үчүнбү?» деп суроо салгандар көп. Айзада Канатбекованын өлүмү Бурулайдын кейиштүү өлүмүн да эске салууда.
Буга чейин медициналык колледждин студенти Бурулай Турдаалы кызы 2018-жылдын 27-майында Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапкан. Милиция аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Мындан улам бул кылмышка жол берген 5 милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин арасында административдик жоопкерчиликке тартылгандар жана иштен бошотулгандар болгон. Алардын арасында Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев бар эле. Бирок Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу иштен алынган Марлис Асанов ушул жылдын 18-февралында Талас облустук милициясына жетекчиликке дайындалган.