Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

ИИМ: “Тажикстандын ТИМи бурмаланган жана жалган маалыматтарды таратууда“

22:45 22.09.2022
0
ИИМ: “Тажикстандын ТИМи бурмаланган жана жалган маалыматтарды таратууда“

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бурмаланган жана жалган маалыматтарды таратууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

“22-сентябрь күнү Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу, коркутуу, кемсинтүү жана аңдуу учурлары акыркы күндөрү болушу мүмкүн деген билдирүүсүн жарыялаган. 

Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк коомчулуктун алдында биздин өлкөнү атайылап каралоо аракетин көрүп, аны менен кошо өздөрүнө өздөрү карама-каршы пикир жаратып жатканын белгилейбиз.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Кадамжай районунда этникалык тажиктердин соода-сатык дүкөндөрү жабылып, чек арага чектеш райондордогу Кыргызстандын жарандарын атайылап этникалык тажиктердин үйлөрүнө жайгаштырып жатышат деп айтылган. Бул маалыматты текшерүү учурунда дүкөндөрдүн жабылышы тастыкталган жок. Ал эми коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандарды этникалык тажиктер  үйлөрүнө өз ыктыярлары менен киргизишкен. Коомчулукта алар активдүү позицияны ээлеп тургандары үчүн аларды эч ким талкулоого укугу жок. 

 Ош облусунда белгисиз адамдар улуттук  касташуу (араздашуу) максатында “Азаттык Радиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы этникалык тажик Насибахон Давронбекованын сабалганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Социалдык тармактарда жаран Давронбек Насибхонов өзүнүн пикирин билдирген. Ал билдиргендей, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн сайтында анын атын дагы кошуп, этникалык тажик (аял киши катары) катары көрсөтүп, “Азаттык Радиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы деп белгилешкен.

“Бирок мен эркекмин жана бул жалпыга маалымдоо каражатына эч кандай тиешем жок.Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менин атымды саясий максатта колдонуусун каалабайм. Бул өлкө менен мени эч нерсе байланыштырбайт”,-деп ал өзү жазган.

Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Ош облусундагы жогорку окуу жайларында билим алышкан 500 студентти-Тажикстан Республикасынын жарандарын өз өлкөсүнө депортациялоо пландалып жатат деген маалымат  тастыкталган жок. Кыргыз—тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатак башталгандан баштап  укук коргоо органдары тарабынан Бишкекте жана башка шаарларда жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан тажик улутундагы жарандардын коопсуздугу камсыздалууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери менен тынымсыз байланышып жатышат. Чет өлкөлүк элчиликтерди, анын ичинде Тажикстандыкын кайтаруу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

19-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин шаардык милиция бөлүмчөсүнө Тажикстандын жараны Алиевдин жеткирилгени жана ал суракка алынганы жөнүндө маалымат тастыкталган жок.

Баткен облусунда жабырлануучуларга акча которууга мажбурлоо максатында өлкөбүздүн аймагында убактылуу иштеп жүргөн Тажикстандын жарандарына карата кысым жана коркутуулар болуп жатканы жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. 

Жабыркагандарга акча чогултууга катышуу же катышпоо ар бир жарандын укугу, аларды мажбурлоого эч кимдин укугу жок.

Ошондой эле, тажик улутундагы жарандардын куугунтукталганы тууралуу башка маалыматтар дагы тастыкталган жок.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу, коркутуу, кемсинтүү жана  аңдуу учурлары катталбаганын билдирет. Бул билдирүү жалган болуп саналат. 

Ошону менен бирге акыркы убактарда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жалган маалыматтарды атайылап таратуу менен алектенип жатканын баса белгилейбиз.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин улуттук белгилер боюнча кысымга алуу билдирүүлөрүн жалган экенин билдирет. 

Биз дүйнөлүк коомчулук Тажикстандын тышкы саясий түзүмү тараткан бурмаланган маалыматтарды эмес, тастыкталган маалыматтарды алуулары керектигин эске салабыз”,- деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 14.03.2026
0

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
0

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү