ИИМдин жанындагы бактар кыйылып жатат. Алардын ордуна эстелик орнотулат

ИИМдин жанындагы сейил бакта каза болгон милиционерлерге эстелик тургузуу үчүн бак-дарактарды кыюуну көздөп жатышат. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулар жазып чыгышты.

Мэрия журналисттерге маалыматты тастыктады. Басма сөз кызматы билдиргендей, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасына Ички иштер министрлигинен каза болгондорго эстелик тургузуу максатында жашыл аянтчаларды бузуу боюнча кайрылуу түшкөн. Сейил бактагы эки бак кыйылган.

«Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек аймактык башкармалыгында жашыл аянтчаларды бузуу боюнча актылар түзүлүп, кол коюлган. Учурда кыюу убактылуу токтотулду», — деп кошумчалады муниципалитет.