Индияда баласына операция жасатып, мекенине кайта албай жаткан эне: «SuperTVнын» сюжетинен кийин 1 суткада жетиштүү каражат чогулду»

SuperTV каналына Бактыгүл Сагынбаева аттуу аял кайрылып, 18 жаштагы уулунун бөйрөгүн Индияда алмаштырып, мекенине кайтып келе албай жатканын айткан.

Бир жарым жылдан бери баламдын бөйрөгүн алмаштыруу үчүн акча чогултуп, май айында Индияга келгенбиз. Кыргызстанда улуу баламдын анализдери таза чыгып, аны донор кылабыз деп алып келген элек. Бул жактан анын анализи таза чыкпай, кетирүүгө туура келди. Анын ордуна экинчи балам келип донор болду. Балама операция ийгиликтүү жасалып, азыр донор болгон баламдын да, ооруган баламдын да абалы жакшы.

Индияда баары кымбат экен, бир баламды жөнөтүп, экинчисин алдыртканыма, алардын анализдерине, көп акча кетип калды. Учурда операциянын акчасын толук төлөй албай шартыбыз жок мекенибизге кайта албай жатабыз, — деп каарман арыз-муңу менен бөлүшкөн.

Маек жарыялангандан кийин 1 суткада алардын эсебине 3000 долларга чукул акча чогулуп калганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бактыгүл Сагынбаева билдирди. «Силердин жардамыңар менен кыска аралыкта жетиштүү сумма чогулду. Кыргызстанда жашоо ансыз деле оор. Карапайым элди кыйнабай эле коёлу. Мындан ары эсепке акча жөнөтпөй коюшса деле болот. Ушул чогулткан каражатка деле ыраазыбыз. Силердин сюжетиңер мынчалык таасирдүү экенин билген эмесмин. Буюрса, жакында мекенибизге барабыз», — дейт каарман.