Бир түндө жылдыз болгон келин бүгүн, 21-июнда «Ынтымак» сейил багында Бишкек шаарынын тургундары жана конокторуна талантын тартуулайт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин сиңдиси билдирди.
Анын айтымында, 5-6 ыр ырдоо пландалып жатат. «Бирок ал жактагылар суранса, созулуп кетиши мүмкүн. Ырдалуучу ырлар англис тилинде болот, бирок эжем азыр даярданып, кыргызча да ырларды ырдайм деп турат. Азыр эжем даярданып жатат»,- дейт сиңдиси.