УКМКнын төрагасына таандык делген унаа скутерди сүзүп кеттиби? Милициянын жообу

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектин «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо жол кырсыгы катталды. Социалдык тармактын колдонуучусу Хамидулло Узаковдун айтымында, Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу скутердин айдоочусун сүзүп кеткен.

Анын айтымында, жол тандабас УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык унаасы. Ал белгилегендей, айдоочу каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Милициянын кайгуул кызматынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жол кырсык боюнча маалымат түшпөгөнүн билдиришти. Социалдык тармактарда билдирүү пайда болгондон кийин дароо окуя болгон жерге патрулдук милициянын инспекторлору барышкан, бирок ал жерде эч ким болгон эмес. Милиция кырсыктын катышуучулары баарын тынчтык жолу менен чечишти деп божомолдоду.