Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги скутер, мопеддер боюнча маселе көтөрдү.
«Скутер, мопеддер боюнча Бишкек шаарынын тургундарынан кайрылуулар түшүп жатат. Жолдо авариялык абал жаратып, адам өлүмү катталып жатат. Баары өспүрүмдөр. Буларды иретке келтирүү керек. Керек болсо шаардыктардын түн уйкусун бузуп жатышат. Көптөгөн өлкөлөрдө катуу чаралар бар экен. Булар номер албаса камерага да түшпөйт экен, айдоочулук күбөлүк да албайт экен. Айдоочулар «байкабай калып жатабыз» дешти. Сүзүп кетсе айдоочу күнөөлүү болот»,- деген ал Бишкек мэри менен ИИМ башчысына кайрылды.












