Иса Өмүркулов Кыргызстанга кайтып келип, Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөдө Чуңкурчакта болду.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Иса Өмүркуловду 31-августта Байтик баатырдын 200 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөн Чуңкурчак жайлоосунан көрүшкөн.
Өткөн жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидерлигин убактылуу Жыргалбек Турускуловаго өткөрүп берген. Ал эми июль айында Иса Өмүркуловго Түркияда операция жасалган. Декабрь айында экинчи жолу операция жасалган. Анын боор этин алмаштырышканы айтылган.