Жайылда ооруканада каза болгон 6 жаштагы кыздын салмагы 12 килограмм болгон

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова Жайылда ооруканада 6 жаштагы кыздын каза болгонун билдирген.

Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашеванын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшкөн жана салмагы 12 килограмм гана болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, кыздын апасы Орусияда болгон. Ал эми кызды өзүнүн эжеси карачу.