«Жакшы жагына жылыш бар». Элчилик Орусиядагы жол кырсыкта жаракат алгандар тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Орусияда катталган жол кырсыкта жаракат алып, ооруканага жеткирилген 3 Кыргыз жаранынын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

«Жабыркагандардын абалы оор болгонуна карабастан жакшы жагына жылыш бар»,- деди ал.