Жактоочу: «Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон бардык кылмыш иштери токтотулду»

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон бардык кылмыш иштери токтотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага 7 кылмыш иши козголгон. Кийин президент Садыр Жапаров кармалган министр боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген. Бирок анын курамында кимдер бар экени айытылган эмес. Ошондой эле башкы прокурор экөө убактылуу кызматынан четтетилген. Сотто анын бөгөт чарасы каралып, 1 ай камакта болгон. 1 айдан кийин үй камагына чыгарылып, комиссия өз ишин жыйынтыктаган. Анын жактоочусу кылмыштын курамы жоктугунан улам кылмыш иштери кыскартылганын билдирген. Ал министрлик кызматынан бошотулуп, учурда Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» реабилитациялык борбордо жетекчилик кылат.