Жактоочу: «Темировду бошотушту, Назаровду камап салышты»

«Темировду бошотушту, Назаровду камап салышты». Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

«Болот Темировду кармоо мыйзамсыз болгонун айттык. Сот кеңешүү иш бөлмөсүнө кирип кетти, чечимди күтүп жатабыз. Болот Темировду бошотушту. Бир азда чыгат. Болот Назаров  48 саатка тергөө изоляторуна камакка алынды. Аны деле маски-шоу кылып, чөнтөгүнө бирдемке салып коюшуптур», — деди жактоочу Нурбек Токтакунов.