Жакынкы айда бензин 4 сомго, дизель 6 сомго кымбаттаганы жатат

Жакынкы айда бензин 4 сомго, дизель 6 сомго кымбаттаганы жатат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.

Анын айтымында, Орусияда күйүүчү майдын баасын өсүп жатканына байланыштуу бул биздин өлкөгө да таасирин берет. 2022-жылдын январында орусиялык заводдордо бензиндин тоннасы 110 долларга, дизель майынын тоннасы 130 долларга жогорулады. «Казакстандан нефти продуктуларын ташып келүү мүмкүн эмес. Коңшу өлкөдө ички суроо-талапка жооп берүү үчүн нефти продуктуларын экспорттого тыюу салынган», — деди Эшатов.