Жакынкы беш күн ичинде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Жакынкы беш күн ичинде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

4-январда күндүз өлкөнүн аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүн биринчи жарымында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, күндүн экинчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө -1 сууктан …+4° жылуукка чейин, Талас облустарынын өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда -2 сууктан …+3° жылуукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -5…-10° суук, тоолуу райондордо -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында күндүн биринчи жарымында кар жаашы күтүлөт, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болушу күтүлөт.

5-7-январларда өлкөнүн аймагында күтүлгөн аба-ырайы
5-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-январда күндүз жана 7-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-январда күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

8-9-январларда өлкөнүн аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу
8-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
9-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы төмөндөйт.