Жалал-Абад шаарындагы санаторийинин айрым кызматкерлери жетекчилиги тарабынан кысымга алынып жатканын билдиришип, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу санаторийдин башчысынын орун басары Жумалы Апиев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев биздин жетекчибизди жана анын орун басарын кызматтан алам деп кайра-кайра чакырып жатат. Бул маселе Ташиевдин көзөмөлүндө деген сөздөр болуда. Ушундан улам сизге кайрылып жатабыз», — деген ал.
Буга байланыштуу облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад санаторийинин кадрдык маселесине тиешеси жок экенин өкмөттүн аталган дубандагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Ыйгарым укуктуу өкүл айтылган маалыматтар негизсиз экенин, мекеменин ишине тоскоолдук жаратып, жетекчилигине эч кандай кысым болбогонун билдирет.
Өткөн жылдын декабрь айында аталган санаторийди басып алуу аракети болгону кабарланган. Имаратка киргендер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен келгенин айтышкан. Атайын кызмат ошол замат билдирүү таратып, ага Ташиевдин тиешеси жоктугун жана мындай тапшырманы бербегенин билдирген болчу.









