Жалал-Абад шаарынан Баткенге эки күн ичинде 1 миллион сомдук жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, шаардык мэриянын ыкчам штабы уюштуруу иштерин колго алып, элден гумжардам чогулткан.
«Жалпы 1 миллион сомдук азык-түлүк, кийим-кече, балдар үчүн буюмдар, жууркан-төшөк жеткирилди. Мындан тышкары Жалал-Абад мэриясында акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн кутуча ачылган. Учурда кутучага 260 миң сом акча каражаты топтолду»,- деп айтылат маалыматта.