Жалал-Абад шаарында коронавируска байланыштуу абал күн санап курчуп жаткандыктан бүгүн шаардык штабдын отурумунда бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриядан билдиришти.
- 1-майдан тартып мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. Болгону 9-11-класстар гана салттуу режимде окууну улантат. Мектеп окуучуларынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталып жаткандыктан калган класстар үчүн онлайн режим кайрадан күчүнө кирет. Ал эми жеке менчик мектептерге рейд жүргүзүлүп, окуучулардын санына жараша чечим кабыл алынат.
- Коомдук жайларга болгон текшерүү күчөтүлөт. Тамактануучу, эс алуучу жайлар, кафе-ресторандар, мечиттер тыкыр көзөмөлдөнөт. Алгач санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берилет. Андан соң рейд жүргүзүлүп, талаптарды сактабагандарга чектөө кирет.