Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Абдумалик Султанбаев 3-июнь күнү саат 10:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Учурда баланын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Көзү ачык болгон сүрөтүн милиция берүүдөн баш тартты.
Белгилери: бою 140-150 сантиметр, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү арыкчырай. Бир аз кекечтенип сүйлөйт.
Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү футболка, көк түстөгү шорта, бутунда кара түстөгү кроссовка болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Абдумалик Султанбаев боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуну суранышат: 03722 7-39-90, 102, 0553780078, 0771936070.