Жалал-Абадда 1954-жылдан бери 32 милиция кызматкери кызмат учурунда каза болгон

Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бүгүн, 15-майда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы, ардагерлер, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайлары жана жакындары катышышты. Иш-чаранын катышуучулары тарабынан эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулуп, каза болгон кызматкерлер эскерилди. Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков сөз сүйлөп, кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарууда өз жанын аябай, кылмышкерлер менен кармашууда каза болгон кызматкерлер эч качан унутулбай тургандыгы белгиледи. Алардын жасаган эрдиги келечек муунга дем берээри, жаш кызматкерлерге үлгү болоору айтылды.

Кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлердин жакындары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылык билдиришип, өздүк курамда жоготуулар болбошун тилек кылышты.

Жалал-Абад облусунда 1954-жылдан тартып кызмат учурунда 32 кызматкер каза болгон болсо, анын ичинен 16сы кылмышкерлердин колунан каза тапкан.