Жалал-Абадда 26 жаштагы Дастан Кубатбеков 4 күндөн бери дайынсыз болууда

Сузак районунун Ынтымак айылынын тургуну 1996-жылы туулган Кубатбеков Дастан Замирбекович 24-февраль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИден билдиришти.

Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция жаранды табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара кыска, орто дене түзүлүштө, оң көзү кылый, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, кара түстөгү куртка, көк түстөгү джинсы шым, сары түстөгү ботинка болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Дастан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03748) 5 02 09,   0778 15 15 91, 0777 80 65 68 номурларына чалыңыздар.