Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 7-апрель—Элдик революциясынын 11 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, окуянын катышуучулары, каза болгондордун жакындары, мекеме-ишкана жамааттары катышкан. Иш-чарада алгач курман болгондордун элеси үчүн сүрөттөрүнүн алдына гүл коюлуп, куран окулуп, Элдик төңкөрүштүн өлкө тарыхындагы орду белгиленди. Анда сөз сүйлөгөн облус башчысы 7-апрель—Элдик революциясынан кийин мамлекеттин тарыхындагы бурулуш болгонун айтты.
Апрель окуясынан Жалал-Абад облусунан 9 адам каза болуп, 67си жаракат алган. Жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө мүмкүнчүлүккө жараша колдоолор көрсөтүлүп турат. Курман болгондордун балдарына, денесинен жаракат алган жарандарга медициналык жардам жана дары-дармектер менен жеңилдетилген түрдө камсыз кылынып келүүдө.











