Жалал-Абадда ээн калган имараттан аял кишинин жансыз денеси табылды. Милиция аты-жөнүн тактоого жардам сурайт

иллюстрация

9-август күнү Жалал-Абад шаарындагы ээн калган имараттын ичинен болжол менен 45-50 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жансыз дененин ким экендигин аныктоого азыркы учурга чейин мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу милиция анын жакындарын табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 150-155 сантиметр, өңү кара тору, чачы кара узундугу 10-15 сантиметр, толмоч дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө сары түстүү гүлдөрү бар жайкы көйнөк, сол колунда сары түстөгү шакек болгон.

Жогорудагылардын негизинде сүрөттөгү жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102, (03722) 5 28 31, 7 03 44, 0224 95 15 15 номурларына кабарлап койсоңуздар болот.