Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу акындын санаалашы, төкмө акын Амантай Кутманалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, китепкана Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында ачылган. Ал эми аны ачуу демилгеси «Адеп башаты» фондуна таандык экени айтылды.
Ошондой эле китепкананын ачылыш аземине маркум акындын бир тууган агасы Айдарбек Иманалиев келип, Элмирбек Иманалиевдин китептерин жана кыргыз элине таанымал жазуучулардын калемине таандык бир нече том китептерди белек катары тапшырган.
«Иним Элмирбек дагы китепке өтө жакын эле, ар дайым бош убактысында колуна китеп алып окуп турчу. Иним бүтүн өмүрүн кыргыз элинин маданиятына арнады, Элмирбектин эмгегин баалап, ушундай замандын талабына ылайык китепканага ысымын ыйгарып жатышкандарына демилгечи топко ыраазычылыгымды билдирем. Инимдин көзү өтсө да, анын чыгармалары түбөлүк калат”, — деп сүйлөгөн иш-чарада Айдарбек Иманалиев.

Белгилей кетсек, замандын залкары, эл уулу Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында оорудан улам көз жумган. Көзү тирүү болгондо ал 17-январда 43 жашка толмок.










