Жалал-Абадда эркек акушер-гинекологдун иштен кетишин талап кылышууда

Жалал-Абадда эркектердин тобу Кара-Көл жалпы дарыгерлер практика борборунда эмгектенген эркек акушер-гинекологдун иштен кетишин талап кылышууда. Бул тууралуу маалыматты аталган облустагы ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Милициянын маалыматына ылайык, 28 жаштагы дарыгер арыз менен кайрылган. Арыз каттоого алынып, учурда текшерүү жүрүүдө. Акушер-гинеколог арызында 17-январда шаардын бир канча тургундары ага келип, анын шаардык ооруканада иштебешин талап кылып жатышканын билдирген. Айрым ЖМКлардын жазганына караганда, аларга эркек кишинин аялдарды карап жатканы жаккан эмес. Кара-Көл жалпы дарыгерлер практика борборунун директорунун айтымында, аталган бейтапкананын төрөт бөлүмүндө бир гинеколог жана эки ординатор иштейт. Анын бири милицияга арыз жазган жаран.