ЖАМКтын башчысы 27-колонияда Алмазбек Атамбаевден башка кимдер кармалып турганын айтты

Алмазбек Атамбаевдин №47 түзөтүү колониясынан №27 колонияга которулушу 47-колониянын жоюлушуна байланыштуу. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.

«Которуу чечимин башка бардык соттолгондор сыяктуу эле атайын комиссия кабыл алган. №47 колониянын бардык камактагылары ар кайсы колонияларга — №10, 27 жана 28-колонияларга которулду. Алмазбек Атамбаев кармалып турган 27-колонияда биринчи жолу соттолгондор, диний-экстремистик кылмыштар үчүн соттолгондор, балдар колониясынан которулгандар, укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери кармалып турат», — деди ал.