Сузакта сууга чөккөн кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылындагы Көк-Арт дарыясына 2008-жылы туулган кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жалал-Абад шаардык ӨКБдан 4 куткаруучу, Сузак райондук ӨКБдан 8 куткаруучу, Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн 2 офицер, жалпы 14 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.