Баткен облусунун Жаңы-Жер айылынын эли бийликке аскерди күчөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
«Кымбаттуу кыргыз элим, мына акыркы күндөрү коомубузда эмне болуп жатканын көрүп жатасыздар. Аскерлердин аздыгынан канча адам өлүп кетти, канча адам майып болуп калды. Мына ушунун баары аскердик күчтүн жоктугунан болуп жатат. Арканы коргобосок, эч нерсеси жок калабыз, эл көчүп кетип калат. Биз 10 жылдан бери 1 «застава» кура албай жатабыз, тажиктер төрт айда төрт «застава» курушту. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, көңүл бөлүп коюңуздар сураныч», — деп кайрылышкан.