Жаңы жылда эс алуу канча күнгө созулат? Токтом долбоору коомдук талкууга чыкты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «2023-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Аталган министрлик Жаңы жылда 1-январдан 8-январга чейин эс алуу күндөрү кылууну сунуштоодо:

— 1-январь жекшемби күнгө туш келгендиктен, 2-январь да дем алыш күнү болот;
— 3-январдын ордуна 9-январь (дүйшөмбү) иш күнү болот, негизи бул күн Рождествонун (7-январь) урматына эс алуу күнү болмок;
4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) иш күнү болот;
— 5-январдын ордуна 11-март (ишемби) иш күнү болот;
— 6-январдын ордуна 25-март (ишемби) иш күнү болот;
— 7-8-январь (ишемби, жекшемби) күндөрү.