Кыргызстанда жаңы окуу жылында мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү форма талап кылынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жыйын учурунда маалымдады.
«Пандемиядан кийин биз окуучулардан бирдиктүү форма кийүүсүн талап кылбай калганбыз. Жаңы окуу жылынан баштап бирдиктүү формага өтөбүз. Окуучулар 2015-жылы бекитилген форманы кийсе болот. Эгер комплектти сатып алууга мүмкүнчүлүк болбосо, классикалык вариант — үстүнө ак, астына кара түстөгү кийим кийсе болот», — деди Жусупбекова.
Биз кийген илгери ак кофта, кара юбка эн ынгайлуу анан жарашыктуу