Мандатын тапшырган мурдагы депутат Жаныбек Абиров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында түз эфирге чыгып, катталуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Алардын арасында Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышууга болгон ниети тууралуу билүүнү каалагандар болгон.
«Мага 1 жума мурун Ленин районунун жашоочулары кайрылган. Азыр ойлонуп жатабыз. Команда, үй-бүлөдө сүйлөшүү болуп жатат. Бул чечим оңой болбойт«,- деди ал.
- Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткенин айтышкан.
- Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти.
- 13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран кармалган.
- Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилип, ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырганы маалымдалган.
- 27-мартта Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырып берген.