Жарандык активист Атай Бейшенбек: «Ишенген депутаттар көтөрө албаса, эл өзү Кумтөрдү кайра кароону талап кылышы керек»»

«Ишенген депутаттар көтөрө албаса, эл өзү Кумтөрдү кайра кароону талап кылышы керек». Бул тууралуу жарандык активист Атай Бейшенбек «Саясий коктейль» берүүсүндө Кумтөрдүн айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди.

«АКШнын Баалуу кагаздар жана биржа боюнча комиссиясы 11-апрелде Кыргыз Республикасы, «Кыргыз алтын» жана «Центерра» ортосундагы жөнгө салуу тууралуу глобалдуу макулдашууну чыгарган соң, биз аны окуп чыктык. Бирок Садыр Жапаров «удургутпай, күтүп тургула» деди. Карап отурсак, күтүү мүнөт узаргандан узарып эле бара жатат. Кеч болуп кала электе биз бул маселелерге кайтышыбыз керек. Ишенген депутаттарыбыз көтөрө албаса, коомчулук талап коюп, «Центерра» маселесин кайра карашыбыз зарыл», — деди жарандык активист.