38 жаштагы Карлыгач Абдылдаева алты баланын энеси. Үч баласынын майыптыгы бар. Ал майыптыгы бар кайын агасын да жуунтуп, тамак берип, жаш баладай багарын айтып берди.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: Мбанк: 0500 40 22 88
«Кайнагам 50 жашка чыгайын деп калды. Үйдө 9 киши жашайбыз. 5 килограмм кесмени 1 жумага жеткирем. Унду мүшөк менен алсак 20 күнгө жетет. Эт көп албайбыз. Картошка менен көп тамак жасайбыз. Этти 1 жумада 1 жейбиз. Майыптыгы бар кайнагамды багам. Ал менин жетинчи баламдай. Жуунтам, тамак берем, багам. Таштап кете албайм. Мени баламдай угат. Мага кайнагам «аманат кылып» жатам деген. Оорусу кайсы учурда кармай турганын билбейсиң. Акыл-эси 4 жаштагы баладай. Тойгонун билбейт, талмасы бар. Жыгылып калат. Сакал-мурутун алам, мончого алып барып жуунтам.
Алты баламдын үчөөнүн майыптыгы бар. Үчөөнүн ден соолугу жакшы. Кайнагамдын акыркы учурларда акылы кете баштады. Эч нерсе билбей калып жатат. Жолдошум жалгыз иштейт. Тапканынын баары тамакка, батирдин акчасына дары-дармекке кетет»,— деди келин.









