Жазында дагы кымбатчылык болбойбу? Айыл чарба министринин жообу

Пияз эмне себептен кымбаттап жатат? Картошка менен сабиздин да баасы көтөрүлөбү? Деги эле жазында кайрадан кымбатчылык күтүлбөйбү? Ушул жана башка суроолорго айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков SuperTV телеканалына маек берип жатып жооп берди.

«2021-жылы дагы мага «кымбатчылык болбойбу?» деген суроо беришкен. Мен ошондо дагы ишенимдүү түрдө божомолду бергем, ал кийин 2022-жылдын башынан аягына дейре так аткарылды. Азыр дагы кайталап айткым келет. Кудайым буюрса, жаз-жай айларында азык-түлүккө болгон баа өспөйт», — деди министр.