Толтоев Эрнис Мукашбекович президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бүгүн, 10-август күнү Толтоев Эрнис Мукашбековичти эмгек жамаатка президенттин администрациясынын жана президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Тажибаев Алтынбек Каримжанович тааныштырды.
Эрнис Толтоев 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1 уул, 2 кыздын атасы.
Билими: жогорку, 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 2009-жылы Ош шаардык мэриясы жетектөөчү адиси;
- 2010-2011-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясы, жетектөөчү адис, пресс-секретарь;
- 2011-2012-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясы, башкы адис;
- 2012-2013-жылы Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
- 2013-2016-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2016-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты;
- 2016-2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, премьер-министрдин жардамчысы;
- 2017-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты, премьер-министрдин катчылыгынын аналитикалык камсыздоо тобу, эксперт;
- 2017-2020-жылы президенттин жардамчысы;
- 2022-жыл 10-августунан тарта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.